Россиялык мугалим Каныбек Иманалиевдин алдында ачык сабак өттү

Иван Доненко Нарынга Крымдан көчүп келип, окуучуларга физика, математика сабактарын берип иштеп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. "Сила ума" долбоорунун алкагында Нарындын №2 Чкалов мектебинде иштеп жаткан россиялык мугалим Иван Доненко билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин алдында ачык сабак өттү. Бул тууралуу аталган долбоордун уюштуруучулары кабарлады.
Иманалиев Нарынга иш сапары менен барып, мектептерди кыдырган.
1 / 3

"Сила ума" долбоорунун алкагында Нарындын №2 Чкалов мектебинде иштеп жаткан россиялык мугалим Иван Доненко билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин алдында ачык сабак өттү

2 / 3

Иманалиев Нарынга иш сапары менен барып, мектептерди кыдырган

3 / 3

Иван Доненко Нарынга Крымдан көчүп келип, окуучуларга физика, математика сабактарын берип иштеп келет

"Мен робототехника сабагын өттүм. Каныбек Капашович биздин эмгегибизди жогору баалап, мектептин жалпы жамаатына сертификаттарды тапшырды. Ошондой эле жыл өткөн сайын так жана табият таануу багытында окутуучулардын жетишсиз болуп бара жатканын белгиледи", — деди мугалим.
Иван Доненко Нарынга Крымдан көчүп келип, окуучуларга физика, математика сабактарын берип иштеп келет. Мындан тышкары, россиялык алдыңкы эксперттер тарабынан иштелип чыккан уникалдуу билим берүү программалары боюнча кошумча сабактарды өтөт.
"Сила ума" — Россиянын Билим берүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан физика-математикалык билимди чет өлкөлөрдө жайылтуу боюнча эл аралык билим берүү долбоору.
Максаты — өнөктөш өлкөлөр менен физика жана математикалык билим берүү тармагында бирдиктүү илимий жана билим берүү мейкиндигин түзүү.
"Акыркы коңгуроо" боюнча министрдин буйругу чыкты. Чоо-жайы