Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова кызматтан кетти

Жусупбекованын иштен кетишинин себеби айтылган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кызматтан бошотулду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Анын иштен кетишинин себеби айтылган жок.
Жусупбекова 2018-жылдан бери министрдин орун басары болуп эмгектенип келген.
Үч фракция акыйкатчылыкка Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин сунуштады