БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бүгүн, 11-майда, саат 14:00дө Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде "Кыргызстан орус сүрөтчүлөрүнүн көзү менен" аталышындагы көргөзмө ачылат. Иш-чара 21-майга чейин уланарын музейдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, көргөзмөгө Кыргызстандын жаратылыш койнунда, уникалдуу тарыхый комплекстеринде тартылган 100дөн ашык чыгармалар коюлат. Ал эмгектер Россиянын сүрөтчүлөр академиясынын мүчөсү Марк Смирнов, живопись, графика сүрөтчүсү Владимир Чупилко жана живопись сүрөтчүсү, артпедагог Ирина Зинкевичтин кыл калемдерине таандык.
Маалыматта белгиленгендей, иш-чарада Кыргызстандын кооз жаратылышы чагылдырылган чыгармалар тартууланат.
"Бул чыгармачылык сапар Жибек Жолуна арналган көргөзмөлөр айлампасына кирет. Кыргыз элинин меймандостугун, кең пейилдигин да белгилеп өткүбүз келет. Алардын жардамысыз биз мындай жемиштүү иштей алмак эмеспиз. Көпчүлүгү полотного түшүрүлдү жана жүрөгүбүздө сакталып калат", — дешкен сүрөтчүлөр Кыргызстан тууралуу сезимдери менен бөлүшүп жатып.