КР Россияга детонатор реэкспорттойбу? Бажы кызматы Аблязовдун сөзүн төгүндөдү

Бажы кызматы Аблязовду коомчулукту адаштырбоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. КР Мамлекеттик бажы кызматы казак саясатчысы Мухтар Аблязовдун Россияга детонаторлорду реэкспорттоо тууралуу билдирүүсүн четке какты.
Буга чейин Аблязов соцтармакка Кыргызстан электр детонаторлорун Канададан Россияга реэкспорт кылып, муну менен РФке санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатканын билдирген.
"Бул жардыргычтар Кыргызстандын тоо-кен компанияларынын жеке өндүрүштүк максаттары үчүн алып келинген. КР Бажы кызматы Россияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатат деген маалымат чагымчылык болуп саналат", — деп билдирди Мамлекеттик бажы кызматы.
Ведомство белгилегендей, ЕАЭБдин эрежелерине ылайык, реэкспорттун бажы процедурасы товарларды биримдиктин чегинен тышкары үчүнчү өлкөлөргө алып чыгууну билдирет.
Бажы кызматы Аблязовду коомчулукту адаштырбоого чакырды.
Сариев: Борбор Азия басымга карабастан Батыштын айтканы менен боло бербейт