БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча командасы "Азия кубогу — 2024" турниринин тайпалык этабында Таиланд, Оман жана Сауд Арабиянын курамалары менен кез келет.
Бүгүн Катарда чүчү кулак кармалды. Континенттин квалификациядан өткөн эң мыкты 24 командасы тайпаларга бөлүндү.
Командалар бири-бири менен бир жолу ойношот. Андан кийин плей-офф стадиясы башталат, анда 16 команда калат.
А тобу:
Катар
Кытай
Тажикстан
Ливан
B тобу:
Австралия
Өзбекстан
Сирия
Индия
С тобу:
Иран
БАЭ
Гонконг
Палестина
D тобу:
Япония
Индонезия
Ирак
Вьетнам
E тобу:
Түштүк Корея
Малайзия
Иордания
Бахрейн
F тобу:
Сауд Арабия
Таиланд
Кыргызстан
Оман
Турнир Катарда 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин өтөт.
Алгач Азия кубогун 2023-жылдын жай айларында Кытайда өткөрүү пландалган. Бирок өлкө бийлиги COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдөн улам турнирди уюштуруудан баш тарткан. Биринчилик Катарга өткөрүп берилген. Бул өлкөдө климат өтө ысык болгондуктан турнир келерки жылдын кыш айында өтөт.
Учурдагы чемпион Катардын командасы болуп саналат.