Бүгүнкү күндө шаардагы тигилген гүлдөрдү тебелеп, сындырып, материалдык жактан зыян алып келген мектеп окуучулары жана студенттер көбөйүп жатканын Уулжан Имиткулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, гүл аянтчаларынын жанында топ ойноого тыюу салыш керек.
"Бишкек шаарында гүлдү аярлабаган жаштардын саны өсүп баратканы өкүнүчтүү. Аны тигип, бакканга канча деген убакыт, эмгек кетерин айрым мектеп окуучулары менен студенттер түшүнбөй жатат. Гүл аянтчаларынын жанында топ ойногондор гүлдөрдү тебелеп, сындырып салышууда. Биз айтсак башка кайсы жакка барып ойнойбуз дешет. Өзгөчө Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында балдар чогулуп топ ойногону материалдык да чыгым алып келип жатат. Шаарыбыздын кээ бир тургундары гүлгө аяр мамиле жасаганды үйрөнсө жакшы болмок", — деди Имиткулова.
Ал ошондой эле шаардагы гүлдөргө суктанып, ыраазычылык билдиргендер да бар экенин кошумчалады.