Европарламент Борбор Азияны жазалоо маселесин көтөрдү

Буга чейин О'Салливан Кыргызстанга кээ бир европалык товарлардын экспорту көбөйгөнүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Литванын Европарламенттеги депутаты Людас Мажилис Борбор Азия мамлекеттери Россияга Евросоюз киргизген санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатканы далилденсе чара көрүү маселесин көтөрдү. Бул тууралуу Russia Today жазды.
Мажилис түрдүү отчётторго таянып 2022-жылы Борбор Азия менен Россиянын соода жүгүртүүсү орто эсеп боюнча 60-80 пайызга өскөнүн белгиледи.
Анын айтымында, өткөн жылдын январь — октябрь айларында Казакстандагы компаниялар Россияга электроникалар менен мобилдик аппараттарды 500 миллион евродон ашык каражатка экспорттогон. Бул көрсөткүчтөр 2021-жылдагы сандардан 18 эсеге көп.
"Борбор Азияга экспорттолгон европалык товарлардын компоненти Украина жаңжалында колдонулган россиялык аскер жабдыктарынан табылып жатат. Россияга салынган санкцияларды үчүнчү өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азия аркылуу айланып өтүүгө мүмкүн болууда", — деди Мажилис.
Депутат Еврокомиссиядан Борбор Азия мамлекеттери ЕБден импорттолгон товарларды Россияга кайра сатып жатканына далил болуп бере ала тургандай товар агымынан өзгөрүүлөр байкалып жаткан-жатпаганын сурады.
"Борбор Азия мамлекеттери санкция салынган товарларды РФке сатууда ортомчу болуп жатканы далилденсе Еврокомиссия кандай чараларды көрөт?" — деди Мажилис.
Буга чейин Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен эгер Россияга жардам берилип жатканы байкалса үчүнчү мамлекеттерге кээ бир товарларды экспорттоого тыюу салынарын белгилеген.
Бул арада май айынын башында ЕК Россияга каршы рестрикциянын 11-пакетин киргизүү сунушун жактырган.
Ал эми Франциянын "Патриоттор" оңчул партиясынын башчысы Флориана Филиппонун айтымында, эгер Европа биримдиги Москвага каршы кезектеги чектөө пакетин кабыл алса дүйнө жүзүндө чыр чыгышын шарттап, өзүн-өзү башкалардан обочолонтот.
Буга чейин Европа биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Бишкектеги брифингде Россияга каршы чектөөлөр ЕБ менен Кыргызстандын ортосундагы мамиленин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратышын каалабай турганын айткан.
Ал ошондой эле Кыргызстанга кээ бир европалык товарлардын экспорту көбөйгөнүн (смартфон, видеокамера жана башкалар) билдирген.
"Биз өлкөгө экспорттолгон товарлар каякка кетип жатканын билгибиз келет. Кыргызстандыктардын тийиштүү товарларга керектөөсү көбөйүп, өздөрү колдонуп жатабы?" — деген суроону узаткан.
Сариев: Борбор Азия басымга карабастан Батыштын айтканы менен боло бербейт