Бишкек жашоого ыңгайлуу болбой калды. Себеби жана абалды оңдоо жолдору. Маек

Бишкек жашоо үчүн ыңгайлуу жана коопсуз болбой калды. Кышкысын ыш каптаса, жайында чаң сапырылат. Жол тыгыны, шаар куруудагы баш-аягы жок саясат... Борбор калаанын ушул өңдүү көйгөйлөрү туурасында Sputnik Кыргызстан материал даярдады.
Sputnik
Бишкекте эмне кантип курулуп жатат? КР Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен "Бишкек башкы архитектура" эмнени карайт? Карапайым бишкектиктерге курулуш бүгүнкү күндө түк көзөмөлдөнбөгөн процесстей туюлат.
Ушул жаатта иш билгилердин пикирин тыңдоо үчүн Кыргызстандын архитекторлор союзунун төрагасынын орун басары Белек Сарымсаковго суроолорубузду узаттык.
Кыргызстандын архитекторлор союзунун төрагасынын орун басары Белек Сарымсаков
— Борбор шаарыбыздагы курулушка болгон азыркы мамиле боюнча кандай ойдосуз?
— Дарыгерлердин катачылыгы дароо байкалат, ал эми калаа курулушундагы чекиликтердин азабын балдарыбыз, неберелерибиз тартат. Бул тармактагы жаңылыштыктар 30 жыл мурун эле башталган. Шаар куруу илимин капарга албай калышкан. КМШнын бөлөк өлкөлөрү көз карандысыздыкты алган соң өз аймагындагы калкты жайгаштыруунун улуттук — облустук, райондук схемасын иштеп чыгууга киришкен. Ал эми бизде бийликтин байкоосуздугунан, каржылоонун жоктугунан бул багытты эч ким зарыл деп эсептеген эмес. Натыйжада ыш, башаламан курулуш, иретсиз таштанды таштоочу жайлар көйгөйү, мектеп, бала бакча, маданий-тиричилик тейлөө объектилеринин тартыштыгы жаралды.
— "Бишкек башкы архитектура" жакында эле Мамлекеттик курулуш агенттигинен мэриянын карамагына өткөрүлдү. Эгемен Кыргызстандын тарыхында бул биринчи ирет болуп жатканы жок. Мекеме муниципалитеттин курамында турганда беш жылга ижарага алынган муниципалдык тилкелерге капиталдык көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча схемалар пайда болду. Ижара мөөнөтү бүткөндө тургундары кызыл китептери жок экенин билип, көп көйгөйгө кабылып жатышты. Кыргызстан архитекторлор союзунун пикиринде "Бишкек башкы архитектура" кандай иш алып барууга тийиш?
— Бул орган 2015-жылы чындап эле мэриянын карамагына өттү, бирок министрлер кабинетинин башчысы айткандай, натыйжасы жаман болду. Андай кадамды Кыргызстан архитекторлор союзунун башкаруу тобунун жыйынында, Мамлекеттик курулуш агенттигинде талкуулаган элек. "Бишкек башкы архитектура" – "Шаар куруу жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, өлкөнүн калаа куруу саясатын жүргүзгөн мамлекеттик органга баш ийген аймактык орган. Бирок "Бишкек жана Ош шаарларынын макамы жөнүндөгү" мыйзам да бар. Анда мэрия борбор калаанын аймагындагы курулуш саясатын жүргүзүү, документациясын иштеп чыгуу жана ишке ашырууга катышат деген жобо камтылат. Ошентип мыйзамдардын кагылышы келип чыгат. Биз функциялардын бир бөлүгү, атап айтканда, объектинин архитектуралык паспортун, архитектуралык-пландык тапшырманы жана техникалык документтерин бекитүү мэрияда болушу керек деп эсептейбиз. Ал эми шаар куруу саясаты Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан жүргүзүлүшү кажет.
"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси
— Шаар жайылып барат. Сиздин оюңузча жакшырдыбы же тескерисинчеби?
— "Шаар куруу жөнүндөгү" мыйзамда калаа куруу саясаты дегеле экономиканы өнүктүрүүнүн негизги бөлүктөрүнүн бири деп айтылат. Биринчи орунда — калктын сапаттуу жашоосу. Ал эми бүгүн калаанын көчөлөрүнө чыгуу кооптуу. Ал тургай кышында Жогорку Кеңеште чукул кырдаалды жарыялоону да сунушташпадыбы. Кыргызгидромет берген да, активисттер орноткон да датчиктердин көрсөткүчтөрү биз өмүргө коркунуч туудурган чөйрөдө экенибизди айгинелеп койду.
Министрлер кабинети бир нече жыл мурун шаарлардын башкы планын долбоорлоого жылына 50 миллиондун тегерегинде каражат бөлүүнү чечкен. Бир жыл акча бөлүндү, ошол менен бүттү. Кийин нормативдик актылардын маанисин арттыра башташты. Курулуш жоболору жана эрежелердин 20-25 чактысын карап да чыгышты, ал иш да ошону менен токтоп калды.
— Борбор калаанын бүгүнкү абалына кандай баа берет элеңиз? Бишкектин башкы планынын тегерегинде соңку убакта эмне үчүн мынчалык талаш-тартыш көп?
— 2006-жылы кабыл алынган азыркы башкы план кыйла сабаттуу түзүлгөн. Анткен менен ал ошол жылдан тарта болгону 15, эң көп дегенде 20 пайызга гана ишке ашырылды. Азыр тек гана аны дагы бир ирет тыкыр карап чыгуу абзел. Кайрадан курулушту көзөмөлдөө механизмдерин күчөтүү керек.
Аламүдүн, Ала-Арча дайраларынын, Түштүк Чоң Чүй жана башка каналдардын жайылмаларынын курулушуна ким жооп берерин тактап, аныктап алуу шарт. Себеби Фрунзедеги дайралардын жаймалары аркылуу тоодон муздак аба келе тургандай ойлонуштурулган.
Эсиңиздерде болсо шаардын түштүк жагы сейсмикалык активдүү зона, экинчиден, 30-40 жыл илгери Фрунзеде биз тоодон соккон желди сезип турчубуз. Ал түгүл Асанбай же 9-кичи райондо жайында салкын болчу. Ошол желаргы — климаттык өзгөчөлүк, шаардын микроклиматын камсыздап, ылдыйга түшүп, шаарды желдетип турчу. Бирок бизде болгон бош орундардын баарына үйлөр толду. Дал ошол дайралардын жээги ээн турчу эле. Аны менен эле токтоп калбай, сквер боло турган тилкелердин баарына имараттар жайнай түштү. Маселен, Горький менен Абдрахманов, Токтогул менен Белинскийдин кесилишиндеги бурч сыяктуу түйүндөр толтура. Анан, албетте, курулуштардын тыгыздыгы. Шаардын ортосунда 20 жыл ичинде тургузулган үйлөр, менимче, шаардын микроклиматына катуу таасир этти.
2006-жылы акыркы башкы планды иштеп чыккан архитекторлор калаа жашоо үчүн жагымдуу шарттарды сактап калгыдай кылууга аракет кылышкан. Бирок азыр баарын жеке менчик тескөөдө. Жер тилкесине ээ курулушчу каалаганын жасайт. Турак жай түшө турган жерге мейманкана же ресторан курат. Мында да кайрадан Конституция жана анын жеке менчикке кол тийбестиги менен функционалдык мааниси башка имараттар каралган шаар куруу документтериндеги дал келбестиктер кагылышат. Анан да көп бөлүмдөрү бири-бирине карама-каршы келген жер, турак-жай, жарандык кодекстер бар. Алардын баарын бир бөлүштүрүүчүгө дал келтирүү керек. Ал эми башкы план мыйзам болушу керек. Дагы "ийне-жибине чейин долбоорлоо" түшүнүгү бар, бирок ал өз маанисин жоготту. КМШ мамлекеттеринде эбак андан баш тартышкан. Батыш жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө мастер-пландарды иштеп чыгып жатышат. Мастер-план – жакынкы бир, беш, он жылдагы курулуштар каралган кыйла жандуу, бир топ ийкемдүү документ. Менимче, кичи райондордогу жашылдандыруу, экология, велосипед жолдору боюнча ошондой мастер-пландар кыйла орчундуу болмок.
Бишкек шаары
— Бийлик мурдагы 47-колониянын ордуна 10 миң тургунга эсептелген жаңы турак жай комплекси тургузуларын жар салды. Бул демилгеге карата кандай көз караштасыз?
— Ал жакта калаа куруу документтеринде эмне болушу каралганын текшерүүдөн баштамакмын. Башкы план мурдагы объектилерди түрттүрүүдө жер тилкелеринин келечегин карайт. Эсептер керек. Тегерегинде канча мектеп, бала бакча жана бейтапкана бар же болушу шарт экенин аңдоо абзел. Инженердик түйүндөрдү канча тартууга болорун түшүнүү керек. Он миң жашоочу – бул кыйла чоң сан, советтик ченемдер менен бул бүтүндөй бир кичирайон.
Адегенде эсептеп чыгуу зарыл, ошондон кийин гана ал тилкеде канча тургунга ылайыктап курууга болорун болжогон оң. Балким болгону 1000 кишиге тууралоого болор. Парк тигип, кандайдыр жашыл аймакты уюштурган андан да жакшы, анткени аталган райондо андай объектилер жок. Ушул маселеде биз аксап турабыз. Түштүк магистралда азыр үч парк бар, бирок калктын жайгашуу тыгыздыгы ал жакта абдан төмөн. Шаардын бөлөк бөлүктөрүндө бир дагы сейил багы жок. Жалаң үйлөр. Дегеле бул территорияда кандай объектилер болорун түшүнүү үчүн мыкты долбоорго сынак жарыялаган дурус.
Экинчи баскычында турак жай комплекси салына турган болсо, Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имараты турган тилкедей болуп калбагыдай анын архитектурасынын варианттарын карап чыгуу зарыл. Сынак жүрүп, бир долбоор утуп алган, бирок кийин таптакыр башка нерсе курууга киришкен. Мындай мисалдар толуп жатат. Архитекторлор мээнеттенип, мэрия, Мамлекеттик курулуш, "Бишкек архитектура" менен иштешип, мыкты долбоорлорду аныктайт. Кийин иштин баары жыйыштырылып калат. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү курулуш сөзсүз түрдө сынак аркылуу жүрүшү шарт.
№47 колониянын жеринде пландалган кичирайондун эскизи
— Борбор калаанын түштүк жагына өкмөттүк имараттарды жайгаштыруу сунушталууда. Түрттүрүлгөн Ысык-Көл мейманканасынын ордуна президенттик комплекс салынмакчы. Кандай пикирдесиз?
— Мындай демилгени өкмөткө биз 90-жылдардын аягында эле сунуштаган элек. Кандай болгон күндө да ошол тарапка акыры административдик имараттарды көчүрүү үчүн 100 гектар жер резервделген.
Бул борбор калаалардын бир даарына мүнөздүү. Убагында Алматы калаасында да административдик имараттар комплексин бүт Абай көчөсүнөн ары көчүрүшкөн. Ташкентте да ошенткен. Буга көп мисалдарды келтире алам. Калаа акыры шаардыктарга калышы керек го.
Башкы планга ылайык Бишкектин түштүк аймагына жашыл территориялар — парк, бульвар жана борбордун микроклиматын кармай турган тоо желаргысын сактап калуучу башка жайларды куруу шарт. Бирок кийин түштүк зонанын ийне-жибине чейин пландалган долбоору бекитилип, ага жараша эми ал жакта жапырт курулуш жүрүүдө. Ал тургай сейсмикалык жактан кооптуу Орто-Сайдын тегерегине да имараттар түшүүдө. Эми эч ким аларды сүздүрүп салбайт. Бирок натуура иш болду. Буга жоопкерчиликтүү кишилер башкы планда эмне үчүн бул территория жашыл аймак деп белгиленип, башка документте курулушка берилип кеткенин сураштырып, тактоого тийиш эле. Анткен менен эмнегедир эч ким сурап да койгон эмес. Ошентип, азыркы кейпибизди кийдик.
Президенттик администрациянын жаңы имаратынын эскизи
— Айрым курулуш компаниялары асман тиреген имараттарды курарын жар сала башташты. Бишкекке андай курулуштар туура келеби?
— Улам бийигин салып жарыша берүү жакшылыкка алып келбейт. Бул курулуш тыгыздыгын көбөйтүп, түйүнгө күч келтирип, аба агымына кошумча тоскоолдуктарды жана башка көйгөйлөрдү жаратат. Мындан тышкары, азыр сейсмика боюнча нормативдик база кырдаалы арасат абалда. Ысык-Ата жаракасы боюнча соңку курулуш жоболору жана эрежелери 2018-жылы түзүлсө керек эле. Алигүнчө ошол нормативдер талкууланып келет. Такталып, түзөтүүлөр киргизилүүдө.
Анан баары бир 100 метрлик имаратты Ысык-Ата жаракасынан ыраак куруу абзел. Албетте, азыркы технологияларды пайдалануу менен курууга болот, бирок андай курулуш алда канча кымбатка түшөт. Ак ниет куруучу 12 кабат менен токтоткон оң экенин билет. Ал эми адалдыктан тайган болсо каражатын үнөмдөп отуруп, асман тиреген имарат курууга ашыгышы да ыктымал. Бирок кокус жер титиреп калса, анын кесепети өтө оор болот.
Бишкек шаарында жаңы үйлөрдүн курулушу
— Жол архитектурасы борбор калаадагы экологиялык атмосфераны кантип жакшырта алат?
— Мында бир нерсе кылуу кыйын. Жолду канчалык кеңейтсек да аздык кылары эбак белгилүү. Транспорттук тутумга мамилени өзгөртүү зарыл. Муниципалитет автомобилчилер үчүн баарын кылууда. Бирок дүйнө жүзүндө жөө жүргөндөргө артыкчылык берилет. Мектептердин айланасында эмне болуп жатканын караңыз. Базар, мектептердин тегерегинде жол тыгыны чоң.
Шаардын жака-белиндеги, кичи райондордогу эл балдарын борбордогу мектептерге ташыганы болбойт. Балдар үйлөрүнөн 500 метрлик радиустагы мектепке барганы дурус. Элдин баары балдарын 8-класска чейин машина менен ташыйт. Бала өзү жалгыз жүрсө, маршрутка менен автобустарда эмне болуп жатканын караңыз. Мектептердин жакындыгы — милдеттүү жобо.
Кичи райондо эң керектүү азык-түлүктү сатып алуу үчүн жергиликтүү дүкөн болушу шарт. Калаанын чордонунда чоң молл, гипермаркеттерди курууга тыюу салуу керек. Бөлөк өлкөлөрдө, башка шаарларда соода үйлөрү магистралдардын боюнда. Үй-бүлөлөр ал жакка барып, бир күн бою жүрүп, дүкөн кыдырып, бассейн, кафе, кино жана башкага кирет. Жол тыгынына жол бербей тургандай көпүрөлөрдү куруп, жолду кеңейтүүнүн кажети жок.
Биздикиндей шаарларга веложолдорду уюштурган оң. Көбүрөөк жашылдандырып, болгондо да мурдагы Фрунзенин "чөп – бадал – жалбырактуу бак-шак" системасындагыдай кылуу абзел. Ийне жалбырактуу дарак, балатыларды гана тикпестен, биздин кургак чөлкөмдөгү жашылдандыруу эң туура ыкма. Дал ушундай калпыстыктардын айынан үйлөргө аба тазалагычтарды орноткон жашоого кептелдик. Булардын баары шаар куруу нормаларын сактабагандыктан чыгып отурат.
165 млн. сомго бааланган жер тилке... Бишкектеги аткаминерлердин алешемдиктери
Ош, Жалал-Абадда жаңы аэропорт курулат. С.Жапаров барып долбоорлорду көрдү