Бишкекте баңгизат саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды

Тергөөнүн жүрүшүндө М.А. психотроптук заттар катылган жашыруун жерлердин даректерин көрсөтүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкекте психотроптук заттарды ири өлчөмдө саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Алынган ыкчам маалыматка ылайык, интернет-дүкөн кардарлары менен Telegram аркылуу кат алышып, баңгизаттарды Бишкек шаарынын аймагында жашыруун жерлер аркылуу сатып келген. Онлайн-дүкөндүн миңден ашык катталуучусу болгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Биринчи май райондук ИИБ жана БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 1999-жылкы М.А. аттуу шектүү аныкталып, 12-апрелде кармалган. Ал интернет-дүкөндүн уюштуруучусу, оператору жана курьери да болгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө М.А. психотроптук заттар катылган жашыруун жерлердин даректерин көрсөтүп берген. Соттук-химиялык экспертиза каражат метамфетамин экенин көрсөткөн. 3-майда шектүү ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Баңгизатты жутуп, түрмөгө алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Сүрөт