Нью-Йоркто сүйлөп бүткөн Байден кайдан чыгарын билбей дагы адашты. Видео

Бул Америка лидеринин кызыктай абалга кептелген биринчи учуру эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Нью-Йорктогу иш-чарада сүйлөп бүткөндөн кийин кайдан чыгып кетерин билбей адашып калды. Окуянын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье каналы жарыялаган.
Америка лидери бул сапар өлкө кабылышы мүмкүн делген дефолт тууралуу сөз кылган. Анын айтымында, эгер АКШ чындап эле мамлекеттик карызы боюнча дефолтко тушуга турган болсо анын кесепетин бүтүндөй дүйнө жүзү тартат.
Чыгар багытын таппай калган президентке жардамчысы келип эшикти көрсөтүп берген.
Эскерте кетсек, АКШнын финансы министри Конгресске январь айында мамлекеттик карыздын чегинин 31,381 триллион долларга жеткенине байланыштуу "өзгөчө чаралардын" башталышы жөнүндө коңгуроо каккан.
Ак үй Конгресстен чекти өйдөлөтүүнү талап кылууда, ал эми республикачылардын оппозициясы көзөмөлдөгөн Эл өкүлдөр палатасы бул кадамды бюджетти кыскартууга байлап жатат.
Ал арада финансы министри Жанет Йеллен Конгресс карыз алуунун чегин кеңейтип бербесе, АКШ 1-июндан тарта мамлекеттик карызын толугу менен тейлөөгө алы келбей калышы мүмкүн экенин билдирген.
Байден болушу мүмкүн делген дефолт АКШ экономикасын кыйратарын айтты