Үч фракция акыйкатчылыкка Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин сунуштады

Өткөн жумада парламент акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин үч фракциясы акыйкатчылыкка экс-депутат Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин көрсөттү.
Тагыраак айтканда, "Альянс", "Ынтымак" фракциялары жана "Элдик" депутаттык тобу биргелешип сунуштап жатат. "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Жээнчороевге мыкты юрист, мыйзамдарды билген кесипкөй тажрыйбасын эске алуу менен токтолушканын билдирди.
Мирлан Жээнчороев 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешинин, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген. Соңку парламенттик шайлоого "Альянс" партиясынын тизмеси менен катышкан.
Өткөн жумада парламент акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон. Анын отставкасын демилгелеген "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Абдрахматова ишин так жөндөп кете албаганын билдирген.
Парламент "Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү отставкага кетирүү сунушун четке какты