БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын алдына бир катар милдеттерди койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында айтылган.
Жапаров улуттук валютаны киргизүү эгемендүү Кыргызстандын тарыхында маанилүү роль ойногондугун, улуттук төлөм жана банк тутумдарынын калыптанышына, өнүгүшүнө негиз болгондугун белгилеген.
Президент банк чөйрөсүнүн кызматкерлерине бекем ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгилик кааларын айтып, бир катар милдеттерди койду.
"Учурдун талабын жана глобалдуу тенденцияларды эске ала турган болсок, банк тутумунун алдында инновациялык банктык өнүмдөрдү, технологияларды киргизүү, банктык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана аны калк арасында кеңири жайылтуу, туруктуу каржылоо принциптерин киргизүү, киберкоопсуздукту жогорулатуу милдеттери турат", — деген президент.
Соңку маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 23 банк иштейт. Анын 14үндө чет элдик капиталдын үлүшү бар. Бул жайларда баш-аягы 8,5 миң адам эмгектенет.