БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун РФ өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен расмий жолугушуусу пландалгандыктан, 9-майда Кремлдеги КМШнын башка президенттери менен болгон бейформал түшкү тамакка катышкан жок. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Эске салсак, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган Москвадагы парадга Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан президенттери жана Армениянын премьер-министри ардактуу конок катары катышкан.
Аталган түшкү тамакта Кыргызстан менен Беларустун жетекчилери болгон эмес.
Өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, Жапаров 8-май күнү КМШ лидерлери менен кечки тамакта чогуу болгон. Ал эми эртеси, 9-майда, Жеңиш парадынан кийин кыргыз делегациясын жетектеп (Садыр Жапаров – ред.), РФтин өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолуккан.
Садыр Жапаровдун Россияга болгон расмий сапары кечээ, 9-майда, аяктады.