Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Аскер эксперти Украина канча киши менен контрчабуул жасай турганын ачыктады

Эксперт мындай сандагы өздүк курам коргонууну жарып өтө албай турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү контрчабуул операциясы үчүн жалпы саны 80 миңге жеткен сегиз механизациялашкан бригада даярдады. Бул тууралуу коопсуздук боюнча эксперт, запастагы полковник, согуштун ардагери, Эрдик орденинин кавалери Роман Насонов маегинде билдиргенин URA.RU жазды.
"Украинада сегиз механизациялашкан бригада даярдалды, санын көбүртүп-жабыртып жатышат. Аябай күчтөнгөндө деле 75-80 миң жоокер болот. Жеткирилип жатат деген аскер техникасы армияны калкалай албайт", — деген Насонов.
Эксперттин айтымында, мындай сандагы өздүк курам коргонууну жарып өтө албайт.
"Шынаа сыяктуу бир киргенге жарайт. Сан жагынан алганда биздин бекем турган эшелондук коргонууну жарып өтүүгө дарамети жетпейт", — деди Насонов.
Эскерте кетсек, Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль апрелдин башында контрчабуул жайында башталышы мүмкүн экенин айткан. Кийинчерээк "жакын арада" башталарын билдирген жайы бар. Америкалык ЖМКлар Украинанын контрчабуулу 30-апрелге белгиленгенин жазышкан. Ал эми РИА сурамжылоого алган эксперттер Киев менен Вашингтондун билдирүүлөрүнө ишенип болбой турганын, бул жалган маалымат таратуу кампаниясынын бир бөлүгү болушу мүмкүн экенин айтышкан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын башкы чалгынчысынын орустарды өлтүрүү тууралуу айтканына Кремлдин жообу