Радио

Кыргызстанда товардык балыкты өстүрүүгө басым жасалат

Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов Ысык-Көлдөгү "Аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүү" улуттук борборунун имаратынын курулушу быйыл жайында бүтөрүн айтты.
Sputnik
Мамлекетке караштуу "Тоң балык өстүрүү заводу" илим изилдөөгө көңүл буруп, балык чарбасын башкаруунун практикалык технологияларын окутуп, ага тиешелүү адистер, студенттер активдүү катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу Эдил Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өкмөт товардык балыкты өстүрүүгө көңүл буруп, өлкөнүн экспорттук потенциалын арттырууга бел байлайт.
"Ысык-Көлдө "Аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүү" улуттук борборунун имаратынын курулушу былтыр башталып, учурда иш ортолоп калды. Борбордун курулушу жайында аяктап, ийгиликтүү ишке берилсе, балык чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк ачылат. Белгилүү болгондой, долбоор Корея деңиз институтунун техникалык жана каржылык колдоосу менен ишке ашып жатат. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында алар борборго акыркы үлгүдөгү технологияларды жана лабораторияны куруп берүү убадасын беришкен. Буга байланыштуу "Тоң балык өстүрүү заводу" илим изилдөөгө көңүл буруп, балык чарбасын башкаруунун практикалык технологияларын окутуп, ага тиешелүү адистер, студенттер активдүү катышары күтүлүүдө. Илимдер академиясы менен да тыгыз иштешип, товардык балыкты өстүрүү менен ЕАЭБ өлкөлөрү арасында жана үчүнчү өлкөлөргө экспортту көбөйтүү маселеси да каралат", — деди Ниязов.
Ошондой эле адис Тоң балык заводунда балыктын Ысык-Көл жилингири, лудога май канат жана карп-сазан деген үч түрү гана өстүрүлүп келерин кошумчалады.