Шайлоодо үгүт иштеринин эрежеси бузулса кайда кайрылуу керек? Номерлер

Ленин районуна ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкектин Ленин районунан Жогорку Кеңешке шайлоодо үгүт жүргүзүү эрежелери бузулса кайрыла турган байланыш номерлерин жарыялады.
Үгүт иштери 8-майда башталып, 27-майга чейин уланат. Ал эми 28-майда шайлоонун өзү өтөт. Анда 32 талапкер ат салышмай болду.
Эреже бузулган учурда 0 (990) 04-12-55; 0 (707) 01-12-55 WhatsApp-номерлерине билдирүү калтырууга, 1255, 0 (312) 62-63-24, 0 (312) 66-02-40 номерлерине чалууга жана кgor_cec@shailoo.gov.kg же document@shailoo.gov.kg электрондук даректерине кат жазууга болот.
Ошондой эле БШКнын расмий сайтында үгүт иштеринин жүрүшүндө кандай эрежелер сакталышы керектиги, кимдин үгүт жүргүзүүгө укугу жок экени тууралуу маалымат жарыяланган.
Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо качан болору айтылды