Самаркандда газ толтуруучу жайда катуу жарылуу болду. Видео

Жерине беш куткаруучу машина барып, өрттү саат 23:00дө өчүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Самарканддын Пахтачин районунда кечээ күнү саат 21:25те (Бишкек убактысы боюнча 22:25) газ толтуруучу жайда жарылуу болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Жерине беш куткаруучу машина барып, өрттү саат 23:00дө өчүргөн.
"Газ ташыган MAN автоунаасынан сактоочу жайга көгүлтүр отту сордуруу учурунда техникалык коопсуздук эрежелери бузулгандыктан жарылуу болгон", — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын айынан бир адам жабыркаган.
Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.
Япониянын премьер-министри сүйлөп жаткан жерде жардыруу болду. Видео