Популисттик менен жазылган. Мирлан Самыйкожо Конституцияны өзгөртүүнү сунуштады

Депутат бүгүнкү күндө Баш мыйзамды тебелеп-тепсеп, ар кандай түшүнүктөргө өтүп кетип жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, учурда балээнин баары Баш мыйзамда жана анын башаламандыгында турат.
"Кыргыздар "Бир алымдан эт кетет, бир сүйлөмдөн кеп кетет" деп айтат. Акыркы Конституция кыргыз тилинде жазылды дешкен, бирок биз орус тилинен тантык которулган каталарды тизмектеп койдук. Ким керек десе, ошого берели. Баш мыйзамды популисттик, алешемдик менен шашылыш жазылып калганы сокурга көз бүткөндөй көрүнүп турат. Бүгүн Баш мыйзамды аттап, тебелеп-тепсеп, ар кандай түшүнүктөргө өтүп кетип жатабыз. Баш мыйзамыбызды кайрадан редакциялап чыкмайынча алдыда дагы көп тарткылыгыбыз бар. Мамлекеттин өзөгү Баш мыйзам болуп аткандан кийин аны өзгөртүү сунушун Жогорку Кеңешке киргизели. Биз адашпайлы десек уялбай эле ушул кемчилик кеткен экен деп оңдоп коёлу", — деди Самыйкожо.
Ошондой эле ал буга чейин Кыргызстандын Конституциясы 11 жолу өзгөртүлгөнүн кошумчалады.
Сунушту депутат Адахан Мадумаров дагы колдоду.
Парламент "Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү отставкага кетирүү сунушун четке какты