Абыкеев: Курултайда айтылган 3700 сунуштун 60%ы аткарылды

Абыкеевдин айтымында, жер маселеси боюнча көп сунуш түшкөн, бүгүнкү күндө анын баары чечилди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Биринчи Элдик курултайда айтылган калктын сунуштарынын кайсынысы аткарылганын сурады.
Бүгүн парламентте Курултай жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Баяндама жасаган президенттин кеңешчиси, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев депутатка жооп берип, элдик жыйында айтылган сунуштардын 60 пайызы аткарылганын айтты.
"Биринчи Элдик курултайда 3700гө жакын сунуш түштү. Аны аткаруу боюнча министрлер кабинети иш-чаралардын планын иштеп чыккан. Жакында алынган отчёт боюнча сунуштардын 60 пайызга жакыны аткарылды. Мектеп салуу, оңдоп берүү боюнча кайрылуулар аткарылып жатат. Негизинен жер маселеси болчу, анын баары чечилди", — деди Абыкеев.
Белгилей кетсек, былтыр 25-26-ноябрь күндөрү өлкөнүн бүт аймактарынан делегаттар чогулуп, Бишкекте Биринчи Элдик курултай өткөн.
"Бакиевди актоо". ЖК Шакиев жазды делген кат жасалма деген билдирүү таратты