Радио

Министрлик: "Мыкты боз үй" сынагына мурун катышкан боз үйлөр кабыл алынбайт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Венера Өмүрбек кызы боз үй жасагандардын арасында атаандаштык күч экенин айтты.
Sputnik
Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалынын алкагында 17-21-май күндөрү Ош жергесинде "Мыкты боз үй" кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Венера Өмүрбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чаранын быйыл Ошто өтүшүнүн өзү өзгөчөлүк.
"Бир нече жылдан бери "Мыкты боз үй" сынагынын координатору болуп эмгектенип келе жатам. Байкаганым боюнча боз үйлөрдү тигип, жасалгалоодо Ысык-Көл облусу абдан активдүү. Соңку жылдарда Баткен жана Чүй аймактарынан да кызыгуу күчөдү. Бул жылы Ош жергесинде өтүп жатканы да чоң өзгөчөлүк деп айта алабыз. Иш-чаранын маани-маңызы Ошко аябай дал келип жатат. Мындан мурдагы сынакта, эсиңиздерде болсо керек, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында 30 боз үй тигилген. "Мыкты боз үй" сынагына кызыккандардын баары катыша алат. Улутуна, жашына чектөө коюлган эмес. Мындан сырткары, барган сайын боз үйгө кызыккан жаштар көбөйүп жатканы кубандырат", — деди Өмүрбек кызы.
Ал буга чейин аталган сынакка катышкан боз үйлөр быйыл катыша албай турганын кошумчалады.