БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев министрлер кабинетинин төрагасына иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
Учурда парламентте өкмөттүн отставкага кетирүү боюнча "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын сунушу каралды.
"Чынын айтайын мурда Акылбек Жапаровду ушунчалык жаман көрчүмүн. Себеби ал Кыргызстанда канча президент болсо баары менен иштешкен да. Азыр жасап жаткан иштерин көрүп, ынандым. Экономист катары күчтүү адам экен, президенттер жөндөн-жөн чакырып иштешкен эмес турбайбы. Бир жаман пейлибиз бар, министрби, өкмөт башчы болобу бир аз иштегенден кийин эле кетире баштайбыз. Анан ким иштейт? Эгемендүүлүк алган жылдары канча премьер-министр алмашты...", — деди Абдалиев.
Ошондой эле ал министрлер кабинетин отставкага кетирүүгө каршы экенин айтып, Акылбек Жапаровдун иштешине мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
"Министрлер кабинетинин төрагасы иштесин. Дүйнө жүзү боюнча канча кризис болуп жатат, кыйратып ийди деп айта албайм, бирок кудайга шүгүр. Кесиптештерим Улуттук банкта 45 тонна алтын турганын көрүп келди. Азыр 50 тоннага жакындап калгандыр. Анын баары жөндөн-жөн болгон жок да, аракет кылып иштеп жатат. Сындап, кет эле кет дей берсек, иштөөгө дагы каалоосу болбой калат", — деди депутат.