Байден болушу мүмкүн делген дефолт АКШ экономикасын кыйратарын айтты

АКШнын финансы министри Конгресске январь айында мамлекеттик карыздын чегинин 31,381 триллион долларга жеткенине байланыштуу "өзгөчө чаралардын" башталышы жөнүндө коңгуроо каккан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден мамлекеттик карыздын чеги көтөрүлбөгөнүнөн улам келип чыккан дефолт Америка экономикасы кыйратарын билдирди. Бул тууралуу RT жазды.
"Менимче, ал (Маккарти — АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери) дефолт кыйроого кептей турганын билет", — деген АКШ лидери.
Байден мамлекеттик карыздын чегин кыска убакытка көтөрө туруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган эмес.
Эскерте кетсек, АКШнын финансы министри Конгресске январь айында мамлекеттик карыздын чегинин 31,381 триллион долларга жеткенине байланыштуу "өзгөчө чаралардын" башталышы жөнүндө коңгуроо каккан.
Ак үй Конгресстен чекти өйдөлөтүүнү талап кылууда, ал эми республикачылардын оппозициясы көзөмөлдөгөн Эл өкүлдөр палатасы бул кадамды бюджетти кыскартууга байлап жатат.
Ал арада финансы министри Жанет Йеллен мамлекеттин карызы боюнча маселесин чечип алмайын өкмөт өзүнүн милдеттенмелерин аткара албастыгын билдирген.
"Эгер Конгресс карыз алуунун чегин кеңейтип бербесе, АКШ 1-июндан тарта мамлекеттик карызын толугу менен тейлөөгө алы келбей калышы мүмкүн", — деген эле Йеллен.
Ал эми буга чейин АКШнын өкүлдөр палатасынын спикери республикачы Кевин Маккартни Байден конгресстин лидерлери менен мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү маселесинде кандайдыр бир ийгилик жарата албаганын белгилеген.
Global Times доллардын айынан АКШнын үстөмдүгү кыйраганын билдирди