Банкта иштегендердин айлыгы былтыр канчага көтөрүлгөнү айтылды

Өткөн жылы банктардын кирешеси эки эсе өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда улуттук валюта — сомдун 30 жылдыгын жана банк кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилеп жатышат.
Статком банк тармагы тууралуу кызыктуу фактыларды берген:
Кыргызстанда 23 банк болсо, анын 14үндө чет элдик капиталдын үлүшү бар;
банк тармагында 18,5 миң адам эмгектенет;
былтыр финансылык далдалчылык тармагындагылардын орточо айлыгы 50,3 миң сомду түзгөн. Маяна мурдагы жылга салыштырмалуу 21 пайызга өскөн;
банктарда 8 миллиондон ашык эсеп ачылган;
өткөн жылы банктардын кирешеси дээрлик 93 миллиард сом (1,7 эсеге көбөйгөн), ал эми көргөн пайдасы 35 миллиард сом (эки эсеге өскөн) болгон.
Кыргызстанда банк карталарынын саны бир нече жылда эки эсе көбөйдү