УКМК: "Ош" базардагы "Кыялда" орундар мыйзамсыз сатылып кеткен

Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, мамлекетке келтирилген чыгымдын так суммасы аныкталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. "Ош" базарында жайгашкан президенттин аппаратына караштуу "Кыял" мамлекеттик ишканасында коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, андагы орундар мыйзамсыз негизде ижарага берилип келген.
1 / 3

"Ош" базарында жайгашкан президенттин аппаратына караштуу "Кыял" мамлекеттик ишканасында коррупциялык схемалар аныкталды

2 / 3

Маалыматка караганда, андагы орундар мыйзамсыз негизде ижарага берилип келген

3 / 3

Сот органдарынын чечиминин негизинде аталган жайда тинтүү иштери жүргүзүлгөн

"Кыял" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери баюу максатында базардын ишкерлеринен жана соодагерлеринен системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу схемасын уюштуруп алгандыгы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Сот органдарынын чечиминин негизинде аталган жайда тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада мыйзамсыз ижарага берүү, коммерциялык-өндүрүштүк жайларды расмий каттоосуз 12 миң долларга сатуу фактылары катталган.
Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, мамлекетке келтирилген чыгымдын так суммасы аныкталууда.
Белгилей кетсек, соода жайларын жабдууда өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары да аныкталган.
Өкмөт коррупцияны алдын алуу боюнча стратегиялык план иштеп чыкты