Путин: жеңишке СССРдин бардык эли жапырт салым кошкон

Москвадагы парадга катышуу үчүн Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын президенттери барган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетүү үчүн СССРдин бардык эли өз салымын кошкон. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянтта болгон парадда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Ал бүгүн Москвада Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) лидерлери чогулганы өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
"Мен мындан ата-бабаларыбыздын эрдигин ардактаган сый мамилени көрүп турам. Алар биргеликте салгылашкан, биргеликте жеңишкен. Жалпы жеңишке жетүү үчүн СССРдин бардык эли өз салымын кошкон. Биз ал тууралуу ар дайым эстеп жүрөбүз. Кандуу согуш өмүрүн алган адамдардын баарына таазим этебиз. Алардын балдарынын, кыздарынын, ата-энесинин, чоң аталарынын, күйөөсүнүн, жубайынын, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын, туугандарынын жана досторунун алдында да таазим этебиз", — деди Путин.
Белгилей кетсек, Москвадагы парадга катышуу үчүн Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын президенттери барган.
Путин: Россияга каршы согуш жарыяланды