Улуттук банк апрелде 87 млн. доллар сатты. Резерв 4 айдан бери бөксөрүп жатат

Апрелдин аягында резерв 2 миллиард 338 миллион 190 миң долларды түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Апрелде Улуттук банктын эл аралык валюта (алтын валюта) резерви 151,5 миллион долларга кыскарды.
Башкы банктын резерви:
марттын аягында — 2 миллиард 489,7 миллион доллар;
апрелдин аягында — 2 миллиард 338 миллион 190 миң.
Мурунку айда Улуттук банк эки ирет валюта сатып, анын жалпы суммасы 87,1 миллион долларды түзгөн. Белгилей кетсек, резерв соңку төрт айдан бери улам азайып баратат.
Эске салсак, Улуттук банк интервенцияларды валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун колдоо үчүн жүргүзөт. Бул үчүн алтын-валюта резерви колдонулат. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат.
Кыргызстандын ички карызы дагы рекорд коюп, 96 миллиард сомго жетти