БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Украинанын Тышкы иштер министрлиги КМШ өлкө башчыларынын Москвадагы парадга барышын Киевге кастарын тигүү жана жосунсуз кадам жасоо, украин элин жек көрүү деп атады.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова буга жооп берип, украиналык ЖМКлар окурмандарынан Россиядагы терактынын кийинки курмандыгы ким болушун көргүсү келерин сурап жатканын билдирди.
“Фашисттерден суроону унутуп калышкан. Киевдик кылмышкер аңчылардын батыштагы калкандары кол астындагыларын өргө тартып жатат деп ойлойсуздарбы? Болбосо тармактык эл аралык структураларга нааразыбы? Эч нерсе эмес. Үчүнчү рейхте алар душмандарын “издөө тизмесин” түзүүнү активдүү жүргүзүштү. Устатынан шакирти өтүп кетти”, — деп жазды Захарова Телеграм-каналына.
ТИМдин өкүлү мындай жол менен киевдик режим коомчулукту куугунтукка жана нацисттик сегрегацияга эле эмес, түздөн-түз террордук аракеттерге тартып жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүн Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Россия лидеринин чакыруусу менен барып, Москвадагы Жеңиш парадынын ардактуу коногу болушту.