Адатта согушта кимдин ресурсу көп болсо ошол тарап жеңет. Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германия 1941-жылы 350 миллион адам чогулткан, ал эми Советтер Союзунда 200 миллионго чукул адам ресурсу болгон. Ошого карабай жеңишке жетишип отурат. Бул биринчи кезекте ошол кездеги советтик элдин ынтымагын айгинелейт. Бул тууралуу Саламат Малабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Улуу Ата Мекендик согушка өз ыктыяры менен аттанган депутаттар, аткаминерлер болгон.
"Советтер Союзунун жоюлушу менен башкача тарыхый тенденция пайда болду. Мурда бир мамлекеттин курамына кирген өлкөлөр эми Улуу Ата Мекендик согушта ар ким өз улутунун, калкынын эрдиги тууралуу айтып, жалпы маалыматты бурмалап же таптакыр эле туура эмес жайылткан учурлар көп. Бул кийинки муунга тарыхты жеткирүүдөгү чоң ката болуп эсептелет. Биз Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу кеп болгондо бөлүнбөшүбүз керек, тарыхты кийинки муунга туура маалымат менен өткөрүп беришибиз зарыл. Анткени бул согушту башынан кечирген ата-бабаларыбыз бир мамлекет үчүн күрөшкөн. Алар бөлүнгөн эмес, өз өлкөсүн сүйүшкөн. Биз, азыркы эгемендүү республикалар, алардын жасаган иштеринен үлгү алсак болот. Мисалы, ошол кездеги Жогорку Советтин депутаттары да согушка аттанышкан. Арасында өз ыктыяры менен кеткендери болгон. Мунун баары советтик адамдардын мекенчилдигинен, абийирдүүлүгүнөн кабар берет", — деди Малабаев.
Ал ошондой эле жаштарды Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына таазим менен мамиле кылууга үйрөтүү зарылдыгын кошумчалады.