Садыр Жапаров Валентина Матвиенко менен жолукту

Федерация кеңешинин төрайымы Кыргызстандын президентине Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган иш-чараларга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, Жапаров Россияда расмий иш сапары менен жүрөт. Буга чейин Владимир Путин менен жолугушкан.
Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко
"Бүгүн сиз Россия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүңүз. Алар эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары тереңдетүү боюнча жетишилген макулдашуулар жагынан абдан жемиштүү, мазмундуу жана конструктивдүү болгонун билебиз. Биз, сенаторлор, бул ишти алдыга жылдыруу үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын жасоого даярбыз деп ишендиргим келет", — деди Матвиенко.
Ал Кыргызстандын президентине Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган иш-чараларга катышкандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
"Валентина Матвиенко согуштун сыноосунан өткөн орус-кыргыз достугу көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоонун ишенимдүү пайдубалы экенин баса белгиледи. РФ Федерация кеңешинин төрайымы өз сөзүн жыйынтыктап, Кыргызстандын президентинин бул сапары эки тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө чоң түрткү берерин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров РФ Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
"Биз россиялык кесиптештер менен ар дайым чоң ырахат менен жолугушабыз, бардык маселелер боюнча ар дайым толук түшүнүшүү табабыз. Саясий бай диалогдун аркасында кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүдө позитивдүү динамика сакталууда", - деди Жапаров.
Өлкө башчы эки тараптуу мамлекеттер аралык мамилелерди сактоодо жана чыңдоодо маанилүү тышкы саясий ресурс катары парламенттик дипломатиянын ролуна жогору баа берди.
Жолугушуунун соңунда Жапаров анын расмий сапарынын алкагындагы сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да динамикалуу өнүктүрүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
Путин менен Жапаров биргелешкен билдирүү жасады. Урунттуу учурлар