Путин: Россияга каршы согуш жарыяланды

Путин Россия үчүн Батышта дагы, Чыгышта дагы дос эмес элдер жок экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россияга каршы кайрадан согуш жарыяланды. Бирок мамлекет эл аралык терроризмге каршы сокку уруп, өзүнүн коопсуздугун жана Донбасстын жашоочуларын коргоду. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди.
"Биздин мекенге каршы кайрадан чыныгы согуш жарыяланды. Бирок биз эл аралык терроризмге каршы сокку урдук. Донбасстын жашоочуларын коргоп, өзүбүздүн коопсуздугубузду камсыздайбыз", — деди Путин Жеңиш парадында.
Ал ошондой эле Россия үчүн Батышта дагы, Чыгышта дагы дос эмес элдер жок экенин белгиледи.
Кызыл аянттагы Жеңиш парадын түз эфирден көрүңүз.
Аталар түбөлүк жашайт!.. Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнөн видео