БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Москвадагы Жеңиш парадына РФ президенти Владимир Путин менен келген КМШ башчылары Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюп, формалдуу эмес нанүштө кылышат. Бул тууралуу россиялык лидердин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин Sputnik радиосу кабарлады.
Анын айтымында, Жеңиш парады саат 10:00дө башталат (Бишкек убактысы боюнча 13:00).
"КМШ жетекчилери аны менен кошо трибунада болушат. Андан кийин Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюшат", — деди Песков.
Маалымат катчы андан соң мамлекет башчылар формалдуу эмес нанүштө кыла турганын кошумчалады.