Тыным көрбөгөн кыз-келиндер менен балдар. Кыргызстандын Улуу Жеңишке кошкон салымы

1942-жылы республиканын айыл чарбасында эмгектенген эркектер 51 пайызга азайып, түйшүк бүт бойдон кыз-келинге, кары-картаң жана балдарга жүктөлгөн эле.
Sputnik
Күн-түн дебей, тыным көрбөй жасаган ооруктагы кыргызстандыктардын эмгеги төрт жылга созулган Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишти жакындатып, кан төккөн жоокерлердин кем-карчын толуктоого жардам берген. Колумнист Алмаз Батилов СССР үчүн кыйын кезең тууралуу КР Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтердин негизинде сүрөт баяндама жасаган. Өкүнүчтүүсү, бул түрмөктөгү айрым жердештерибиз тууралуу толук маалымат жок.
1 / 18

Кыргызстандыктардын каражатына курулган "Советтик Кыргызстан" танкалык колоннасы, 1942-жыл

2 / 18

Фронт үчүн белек-бечкек даярдалып жаткан учур. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору С. Харченко. 1941-жыл

3 / 18

Ооруктагы эмгекчилер аскердик заёмге жазылууда. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. Фрунзе шаары, 1941-жыл.

4 / 18

Стахановчу А.Г. Гущина фронттогу жоокерлерге тон тигүүдө. "Кара-Курат" артели. Сүрөттүн автору Б.Блюмен. Фрунзе калаасы, 1941-жыл.

5 / 18

Калинин районундагы Коминтерн колхозунун эмгекчилери кан майдандагы жоокерлер үчүн мөмө-жемиш кургатууда. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. Фрунзе облусу (1939-1959-жылдары азыркы Чүй облусу ушундай аталган), 1942-жыл.

6 / 18

Кыргызстандык аскерге командир жердештери берип жиберген белекти тапшырууда, 1942-жыл

7 / 18

Багбан А. В. Селивановдун Фрунзедеги аскердик госпиталда дарыланып жаткан аскерлерге бир челек шарап алып бара жаткан маалы. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. Кант району, Фрунзе облусу, 1942-жыл.

8 / 18

Фронтко ич кийим тиккен тикмечилер. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. Фрунзе шаары, 1942-жыл.

9 / 18

Кыргыз ССРинин делегациясы Ленинград шаарындагы Смольный имаратынын жанында партизандар менен жолугуп жаткан учуру, 1942-жыл

10 / 18

Кыргызстандын делегациясы Ленинграддагы "Октябрь революциясы" аскердик кемесинин флотчуларына арналган белектер менен жөнөп кетүүдө. Бул кемени Кыргызстан азык-түлүк жана кийим-кече менен камсыздачу. 1942-жыл.

11 / 18

Стахановчу, комсомолдун мүчөсү Тамара Косенко заводдо фронт үчүн продукцияны даярдоодо тапшырманы 300 пайызга аткарган. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. Фрунзе шаары, 1943-жыл.

12 / 18

Кант районундагы Фрунзе атындагы колхоздо күрүч жыйноо учуру. Сүрөттүн автору К. Вильчинская. Фрунзе облусу, 1943-жыл.

13 / 18

Комбайнерлер буудай чаап жаткан учуру. Жаңы-Пахта совхозу, Сокулук району, Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору К. Вильчинская, 1943-жыл.

14 / 18

Кызыл армиянын аскерлерине кыргызстандыктар белектерин жөнөтүүдө. Сүрөттүн автору К.Вильчинская. Фрунзе калаасы, 1943-жыл.

15 / 18

Жетим балдар үйүнүн окуучулары фронт үчүн белектерди даярдоодо. Фрунзе калаасы, 1942-жыл.

16 / 18

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда "Кызыл тикмеч" атындагы артель ширеңке чыгарууну өздөштүргөн. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. Фрунзе шаары. 1943-жыл.

17 / 18

Кызыл армия үчүн жылуу кийимдер чогултулуп жаткан маал. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. Фрунзе шаары, 1942-жыл.

18 / 18

№1081 эвакуациядагы госпиталдын 2-бөлүмүнүн жетекчиси М. Ф. Кирик жарадар болгон жоокерге операция кылууда. Ага хирург Е. Я. Болдырев көмөк көрсөтүп жатат. Фрунзе шаары, 1943-жыл.