Бишкекте "Өлбөс полк" акциясына чыккандар жүрүшүн баштады

Жүрүшкө чыккандар Абдрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин келишет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкек шаарында "Өлбөс полк" акциясына чыккандардын жүрүшү башталды.
Бүгүн эртең менен миңдеген адам калаанын Түштүк дарбазасына чогулуп, саат 9:00дөн кийин жүрүшкө чыгышты.
1 / 4

Бишкек шаарында "Өлбөс полк" акциясына чыккандардын жүрүшү башталды

2 / 4

Бүгүн эртең менен миңдеген адам калаанын Түштүк дарбазасына чогулуп, саат 9:00дөн кийин жүрүшкө чыгышты

3 / 4

Алар Түштүк магистралдан баштап Абдрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин келишет

4 / 4

Бул акция 2013-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат

Алар Түштүк магистралдан баштап Абдрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин келишет.
Бул акция 2013-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Алгач Ош шаарында башталган. 2014-2015-жылдары Бишкекте өтүп, ага үч миң адам катышкан. 2017-жылы 50 миңден ашык киши жүрүшкө чыккан. Жыл сайын көптөгөн жаңы шаарлар, айылдар кошулуп жатат. Акциянын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун каармандарынын сүрөттөрүн көтөрүп 2,5 саат жөө басып келишет.
Sputnik Кыргызстан акциядан тексттик трансляция жүргүзүүдө.
Желек кармаган ардагер терезесинен күтөт. "Өлбөс полктун" мааниси тууралуу маек