Москвадагы Жеңиш парадындагы кыргыз делегациясы. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов соцтармактагы баракчасына Москвадагы Жеңиш парадына катышкан кыргыз делегациясынын сүрөтүн жарыялады.
Делегациянын курамы:
Адылбек Касымалиев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
Муратбек Азымбакиев — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Марат Иманкулов — Коопсуздук кеңешинин катчысы;
Гүлнара-Клара Самат — КРдин РФтеги элчиси;
Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;
Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникация министри;
Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Таалайбек Ибраев — энергетика министри;
Нурдан Орунтаев — Бишкек шаарынын мэринин орун басары.
Делегациянын башчысы, президент Садыр Жапаров парадды кесиптештери менен алдыңкы катардан көрдү.
Путин: жеңишке СССРдин бардык эли жапырт салым кошкон