Мишустин Кыргызстандан россиялык бизнеске ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү өтүндү

Россия өкмөтү эки өлкөнүн президенттери макулдашкан келишимдердин ыкчам аткарылышын камсыздай турган болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мишустин кыргыз тарап россиялык бизнеске шарт түзүп берет деп ишенерин билдирген.
"Кыргызстандын бийлиги россиялык ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды камсыздап, ири бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтөт деп ниет кылабыз", — деди Мишустин.
РФ өкмөтүнүн төрагасы Россия Кыргызстандын экономикасына каражат салган (2 миллиард доллар) ири инвесторлордун катарына кирерин белгиледи. Мишустин ошондой эле Россия өкмөтү эки өлкөнүн президенттери макулдашкан келишимдердин ыкчам аткарылышын камсыздай турганын кошумчалады.
Москвадагы Жеңиш парадындагы кыргыз делегациясы. Сүрөт