Кыргызстандын аймактарында Улуу Жеңиш майрамдалып, "Өлбөс полк" өттү. Сүрөттөр

Майрамга карата жергиликтүү бийлик түрдүү иш-чараларды уюштурган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстандын ар кайсы аймактарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Жалал-Абад

1 / 4

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орнотулган Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигине гүл коюлуп, куран окулду

2 / 4

Ага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, район акими Баратбек Сыдыкназаров, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишкана жамааттары жана тургундар катышты. "Өлбөс полк" акциясына чогулгандар Эркиндик аянтынан Жеңиш эс алуу багына чейин барды

3 / 4

Ага шаардагы жалгыз согуш ардагери Сафин Гаффан, концлагердин туткуну Валентина Симоненко да катышты

4 / 4

Облус башчысынын айтымында, согуштагы каармандыгы үчүн Кыргызстан боюнча 72 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген болсо, алардын жетөө Жалал-Абаддын тургундары болушкан.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орнотулган Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигине гүл коюлуп, куран окулду. Ага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, район акими Баратбек Сыдыкназаров, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишкана жамааттары жана тургундар катышты. "Өлбөс полк" акциясына чогулгандар Эркиндик аянтынан Жеңиш эс алуу багына чейин барды. Ага шаардагы жалгыз согуш ардагери Сафин Гаффан, концлагердин туткуну Валентина Симоненко да катышты.
Облус башчысынын айтымында, согуштагы каармандыгы үчүн Кыргызстан боюнча 72 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген болсо, алардын жетөө Жалал-Абаддын тургундары болушкан.

Нарын

1 / 4

Нарын облусунда иш-чара Советтер Союзунун Баатыры наамынын ээлери Анварбек Чортеков менен Дайыр Асановдун эстелигине гүл коюлуп, куран окуу менен башталды

2 / 4

Андан соң Тянь-Шань паркында согушта курман болгон жоокерлердин элесине арналган эстеликтин алдында эскерүү митинги болду

3 / 4

Ал эми борбордук аянтта күч түзүмдөрүнүн жана окуучулар командаларынын парады уюштурулуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоолору айтылды.

4 / 4

Согуш жылдарын чагылдырган оюн-зоок коюлуп, маданият өкүлдөрү концерт тартуулашты.

Нарын облусунда иш-чара Советтер Союзунун Баатыры наамынын ээлери Анварбек Чортеков менен Дайыр Асановдун эстелигине гүл коюлуп, куран окуу менен башталды. Андан соң Тянь-Шань паркында согушта курман болгон жоокерлердин элесине арналган эстеликтин алдында эскерүү митинги болду. Ал эми борбордук аянтта күч түзүмдөрүнүн жана окуучулар командаларынын парады уюштурулуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоолору айтылды. Согуш жылдарын чагылдырган оюн-зоок коюлуп, маданият өкүлдөрү концерт тартуулашты.

Балыкчы

1 / 2

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында "Өлбөс полк" акциясы уюштурулуп, 1000ден ашуун адам жүрүшкө чыкты

2 / 2

Алар "Ысык-Көл" кинотеатрынын алдынан баштап Абдрахманов көчөсү менен "Эне-бала" эстелигине чейин басып келишти.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында "Өлбөс полк" акциясы уюштурулуп, 1000ден ашуун адам жүрүшкө чыкты. Алар "Ысык-Көл" кинотеатрынын алдынан баштап Абдрахманов көчөсү менен "Эне-бала" эстелигине чейин басып келишти.

Баткен

1 / 4

Баткен облусунда дагы Жеңиш майрамы жогорку деңгээлде өтүп, Өчпөс отко гүл коюу менен башталды

2 / 4

Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына багышталып куран окулуп, бата кылынды

3 / 4

Салтка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү шаар көчөлөрүн аралап борбордук стадионго барды

4 / 4

Иш-чара жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолуп, жалпы элдик сейилдөө уланууда.

Баткен облусунда дагы Жеңиш майрамы жогорку деңгээлде өтүп, Өчпөс отко гүл коюу менен башталды. Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына багышталып куран окулуп, бата кылынды. Салтка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү шаар көчөлөрүн аралап борбордук стадионго барды. Иш-чара жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолуп, жалпы элдик сейилдөө уланууда. Учурда Баткен облусунда ооруктун 90 ардагери жашайт.
Ошто миңден ашуун адам катышкан "Өлбөс полкту" Акылбек Жапаров баштап чыкты