БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнүн соңунда эки тарап тең Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эч кандай келишпестик жок экенине макул болушту. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Эске салсак, Садыр Жапаров баштаган КР делегациясы учурда Россияда жүрөт. Кечээ күнү РФ башчысы Владимир Путин жана башка жогорку кызматтагы адамдар менен жолугушуулар өткөн. Бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москванын Кызыл аянтында өтө турган Жеңиш парадынын коногу болот.
"Тар жана кеңейтилген жыйындарда президенттер эки өлкөнүн саясий кызматташуусун талкуулашты. Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосунда келишпестик жок экенин белгилешти. Бул нерсе бизге соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди Кулубаев.
Анын айтымында, соода-экономикалык мамилелерге басым жасалды. Көптөгөн долбоорлор Россия тарапты кызыктырган. Ага ири гидроэнергетикалык долбоорлорду, Кыргызстандын ичинде жана эл аралык темир жол линияларын куруу долбоорлору жана башкалар кирет.
Мындан тышкары, мамлекет башчылары маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашкан. Россия тарап орус тилин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын айтып, Кыргызстанга тогуз мектеп куруларын белгиледи.
Жапаров менен Путин эл аралык күн тартибин дагы талкуулашкан.
"Биз өзүбүздүн так позициябызды билдирдик. Россия тарап туура кабыл алып, бул суверендүү мамлекеттин позициясы экенин айтты", — деди Кулубаев.
Министр президент Жапаровдун Россияга расмий сапары ийгиликтүү өттү деп баалады.