Жайнаган эл, кубанычтын көз жашы. Бишкектеги “Өлбөс полктон” сүрөт түрмөк

Бишкекте салтка айланган “Өлбөс полк” акциясы өттү. Sputnik Кыргызстан Жеңиш күнүнө арналган майрамдык иш-чарада тартылган сүрөттөрдү сунуштайт.
Sputnik
Жүрүш саат 9:00дө Түштүк дарбазадан башталып, эл Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсү менен “Жеңиш” аянтына чейин басып келди. Адамдар жолдон улам кошулуп жатты.
“Өлбөс полк” жүрүшүнө 12 миң адам катышса, аларды аянттан 3000 киши тосуп алды. Ал жерде митинг-реквием өтүп, Өчпөс отко гүлчамбар коюу расмий аземи болду.
1 / 18

Бүгүн эртең менен миңдеген адам калаанын Түштүк дарбазасына чогулуп, саат 9:00дөн кийин жүрүшкө чыгышты

2 / 18

Алар Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсү менен “Жеңиш” аянтына чейин басып келишти

3 / 18

Бул акция 2013-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Алгач Ош шаарында башталган. 2014-2015-жылдары Бишкекте өтүп, ага үч миң адам катышкан

4 / 18

2017-жылы 50 миңден ашык киши жүрүшкө чыккан. Жыл сайын көптөгөн жаңы шаарлар, айылдар кошулуп жатат

5 / 18

Акциянын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун каармандарынын сүрөттөрүн көтөрүп 2,5 саат жөө басат

6 / 18

Бала-чакасын ээрчитип үй-бүлөсү менен келген адамдарды да көрүүгө болот

7 / 18

Быйыл “Өлбөс полкко” 12 миң адам катышып, аларды аянттан 3000 киши тосуп алды

8 / 18

Жүрүштү аскер унаалары коштоп барды

9 / 18

Колоннанын башында желек көтөргөн курсанттар баратты

10 / 18

Согушка катышкан аталарынын портретин көтөргөн балдар

11 / 18

Жүрүш учурунда 2,5 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукка көз салып турду

12 / 18

Майрамдагы кубаныч, эскерүү, мындайда көзүңө жаш тегеренбей койбойт

13 / 18

“Жеңиш” аянтында митинг-реквием өтүп, Өчпөс отко гүлчамбар коюу расмий аземи болду

14 / 18

“Өлбөс полк” акциясынын катышуучулары да гүл коюшту

15 / 18

Музыканттар миңдеген адамга “Жеңиш күнү” ырын аткарып беришти

16 / 18

Өчпөс отко гүл коюп жаткан жеткинчек кыз

17 / 18

Согушта курман болгон жана аман кайтып келген аталардын эрдигин эскерүү урпактардын милдети

18 / 18

Салтанаттуу иш-чаралар Ошто, Жалал-Абадда, Таласта, Балыкчыда, Баткенде, Нарында жана башка калктуу конуштарда өттү