Бишкек гарнизонунун аскерлери борбордук көчөлөр менен жүрүш жасады. Видео

Аскер оркестри жеңиш ырларынын музыкасы менен коштоп барды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Бишкек гарнизонунун аскерлери Улуу Жеңиш майрамына карата борбор калаанын негизги көчөсүндө жүрүш жасады.
Алар "Ала-Тоо" аянтынан чыгып, саат 10:00дө митинг-реквием өтө турган Жеңиш аянтына чейин басып барышты. Жеңиш ырларынын музыкасы менен коштогон аскер оркестри "Өлбөс полктун" катышуучуларын тосуп алышат.
1 / 3

Бишкек гарнизонунун аскерлери Улуу Жеңиш майрамына карата борбор калаанын негизги көчөсүндө жүрүш жасады

2 / 3

Алар "Ала-Тоо" аянтынан чыгып, саат 10:00дө митинг-реквием өтө турган Жеңиш аянтына чейин басып барышты

3 / 3

Жеңиш ырларынын музыкасы менен коштогон аскер оркестри "Өлбөс полктун" катышуучуларын тосуп алышат

Ал эми Бишкек шаарында "Өлбөс полк" акциясынын жүрүшүнөн Sputnik Кыргызстан тексттик трансляция жүргүзүүдө. Жүрүшкө жолдон кишилер кошулуп, катары калыңдап баратат.
Бишкекте "Өлбөс полк" акциясына чыккандар жүрүшүн баштады