Ысык-Көлдө зордуктоого аракет кылды делген Монголиянын жараны кармалды. Сүрөт

Кылмышка шектүү мекенинде бир катар алдамчылык иштери үчүн издөөдө жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ысык-Көлдө зордуктоого шектүү делген Монголиянын жараны кармалганын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлады.
Ысык-Көлдө зордуктоого шектүү делген Монголиянын жараны кармалды
Ага ылайык, 28 жаштагы жаран милицияга кайрылып, анын монголиялык чала таанышы зордуктоого аракет кылганын билдирген. Арыз ээси кылмышка шектүү аны жаакка бир нече жолу чапканын да кошумчалаган.
Тергөөнүн алкагында 36 жаштагы Я. Г. кармалып, "Зордуктоого аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Райондук соттун чечими менен шектүү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Аталган факты боюнча тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү делип кармалган жаран чындыгында 36 жаштагы Я. Г. эмес, 31 жаштагы Монголиянын жараны Д. Л. экени аныкталды. Ал өз мекенинде бир катар алдамчылык иштерди жасаганы үчүн издөөдө жүргөн. Кыргызстанга мекендешинин паспорту менен мыйзамсыз кирген", — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБи.
ИИМ: Аламүдүндө жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды