БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Президент Владимир Зеленский 9-майды Украинада Европа күнү деп бекитти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги анын сайтындагы жарлыгына таянып жазды.
"Европа менен украин элинин окшоштугун аңдап түшүнүү менен, Украинада жыл сайын 9-майда Европалык биримдик өлкөлөрү менен биргеликте Европа күнүн белгилөөнү түзүүнү бекитем", — деп жазылат документте.
Анда мындай чечим Европа элинин биримдигин бекемдөө жана Европа континентинде тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуулукту камсыздоо максатында кабыл алынганы белгиленген.
Мындан тышкары, Зеленский Жогорку Радага 8-майды Эскерүү жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы улутчулдукту жеңүү күнү деп түзүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун жөнөткөнүн билдирген.
Украинада 2015-жылдан бери 8-майда Эскерүү жана элдешүү күнү белгиленип келет. Мындай аракет менен өлкө фашисттик Германияны жеңген күндү батыш европалык үлгүдө майрамдоого өткөн. 9-май – Жеңиш күнү Украинада майрам боюнча калган, бирок мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чаралар 8-майда өткөрүлүп келген.