БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кечээ, 7-майда, Түркиянын Стамбул шаарында Режеп Тайип Эрдоганды колдоо митинги өттү. Түркиянын башчысы ага катышып, митингге 1,7 миллиондон ашык адам келгенин айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоолор 14-майга белгиленген. Учурдагы президент, "Республикалык альянстан" жалгыз талапкер Тайип Эрдогандын негизги атаандашы - Кемаль Кылычдароглу. Ал президенттик кызматка оппозициялык "Элдик альянс" партиясынан жалгыз талапкер.
Мындан тышкары, шайлоодо Memleket партиясынын лидери Мухаррем Индже жана Ata альянсынан талапкер Синан Оган да ат салышат. Эгерде президенттик шайлоодо талапкерлердин бири да жалпы шайлоочулардын 50 пайыз добушун ала албаса, өнөктүк 28-майда кайрадан өткөрүлөт.