Путин Жапаровдун Улуу Жеңишке карата Москвага келгени маанилүү окуя экенин айтты

Жапаров чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыздар ата-бабалардын эрдигин эч качан унутпасын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Москвада Россия менен Кыргызстандын президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу башталды. Бул тууралуу RT билдирди.
Россиялык лидер Жапаровду жана кыргыз делегациясын Москвадан, өзгөчө Жеңиш күнүнүн алдында жолугушканына кубанычта экенин белгиледи.
"Ушул убакта биз менен болгонуңуздар маанилүү окуя. Кыргызстандан 360 миң адам фронтко кеткен. Менимче, 134 миңи үйүнө кайткан эмес", — деди РФ президенти.
Ал эми Жапаров чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыздар ата-бабалардын эрдигин эч качан унутпасын айтканын RT жазды.
Путин Молдова менен Грузиядан башка КМШ лидерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады