Путин Түркмөнстандын башчысын Москвага Жеңиш майрамына чакырды

Эки өлкөнүн башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду Москвада белгилене турган Жеңиш майрамына чакырды. Мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөнүн РИА Новости жазды.
"Президенттер Сердар Бердымухамедов жана Владимир Путин бири-бирин келе жаткан Жеңиш күнү менен кызуу куттуктап, эки өлкөнүн элине тынчтык, өсүп-өнүгүүнү каалашты. Бердымухамедов жалпы тарыхта Улуу Ата мекендик согуштун, фашизмди жеңүүнүн орду чоң экендигин белгиледи. Ал Түркмөнстан да Россиядагыдай эле каардуу жылдарда согуш талаасында салгылашкандардын жана тылда тынымсыз эмгектенгендердин эрдигин, баатырдыгын унутпай эскеришерин белгиледи. Бердымухамедов согуштун катышуучулары өз өмүрлөрүн аябай жеңиш үчүн күрөшкөнүн айтып, Түркмөнстан согуш ардагерлерине сый-урмат менен көңүл буруп келерин кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.
Анда жазылгандай, Путин түркмөн кесиптешин Москвада уюштурулуп жаткан салтанаттуу иш-чарага катышууга чакырды. Эки мамлекеттин жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүүдө өлкөлөр аралык кызматташууну өнүктүрүүдөгү бир катар маселелерди да талкуулашты.
Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын 16-майда Кытайга чакырды