Путин: Россия менен Кыргызстандын мамилеси жакшырууда

Путин өткөн жылы ортодогу соода жүгүртүү 37 пайызга өскөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын мамилеси жакшырууда. Бул тууралуу Владимир Путин Садыр Жапаров менен жолукканда айтты.
Кремлдеги жолугушуу КР президентинин РФке жасаган расмий сапарынын алкагында өтүүдө.

"Азыркы мамилебиз жогорулоодо. Өткөн жылы ортодогу соода жүгүртүү 37 пайызга өстү. Түз капиталдык салымдардын көлөмү боюнча Россия биринчи орунда турат. Бул тенденция мындан ары дагы өсө турганына ишенем" — деди Путин.

Ал эми Жапаров бул жолугушуу эки тараптуу актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
"Кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана эки өлкөнүн кызыкчылыгы камтылган кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу пикир алмашабыз деп ойлойм", — деди Жапаров.
Путин Жапаровдун Улуу Жеңишке карата Москвага келгени маанилүү окуя экенин айтты