Рахмон Жеңиш парадына катышуу үчүн Москвага учуп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага учуп кетти. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.
Рахмон Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгын майрамдоого катышат.
Эске салсак, россиялык лидер Эмомали Рахмонду телефон аркылуу сүйлөшүүдө чакырган.
Казакстандын президенти Жеңиш майрамында Москвага барат