БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кремлде стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынганы Кремлдин расмий сайтында жарыяланды.
Кыргызстандын президенти Москвага Россия лидеринин чакыруусу менен бир күн мурун, 7-майда барган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун, евразиялык интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара кызматташуунун негизги маселелерин, ошондой эле эки тарапты кызыктырган актуалдуу аймактык жана эл аралык көйгөйлөрдү кеңири талкуулашты.
Биргелешкен билдирүүнүн урунттуу учурлары:
соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыктын артыкчылыктуу мааниси;
Кыргызстан россиялык каржы институттарынын өлкөдө болушун кубаттайт;
тараптар банк жана финансы тармагында кызматташууну жана өз ара эсептешүүдө улуттук валюталарды колдонуу практикасын кеңейтет;
Кыргызстанда россиялык жогорку окуу жайлардын филиалдарынын иштешине мындан ары жардам көрсөтүү, ошондой эле Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын түзүү маселесин баштоо;
президенттер тарыхты жана Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын бурмалоо аракеттерине каршы туруу үчүн биргеликте күрөшүү зарылдыгын белгилешти;
2023-жылы Россиянын ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуусун эске алуу менен президенттер ЕАЭБ алкагында ар тараптуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган аракеттерди координациялоону улантууну макулдашты;
өлкөлөр ЖККУнун потенциалын чыңдоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга ар тараптан салым кошууну улантат;
Россия менен Кыргызстан ШКУнун эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуудагы ролун мындан ары да бекемдөө, уюмдун алкагында көп кырдуу өз ара кызматташууну өнүктүрүү жана анын тышкы байланыштарын кеңейтүү боюнча аракеттерин улантат.