Көзү азиз кыргызстандык паратриатлон боюнча экинчи ирет дүйнө чемпиону болду

Көзү азиз кыргызстандык Жалалдин Абдувалиев паратриатлон боюнча экинчи ирет дүйнө чемпиону болду
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Көзү азиз кыргызстандык Жалалдин Абдувалиев паратриатлон боюнча экинчи ирет дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу КРдин Триатлон федерациясы билдирди.
Узак дистанция боюнча дүйнө чемпионаты Ибицада (Испанияда) өттү.
PTVI категориясында (көзү өтө начар же такыр көрбөгөн спортчулар катышат) Жалалдин Абдувалиев менен лидер-спортчу (коштоочу) Артем Шапилов биринчи орунду алып, экинчи ирет дүйнө чемпиону болушту.
Тай боксу боюнча дүйнө чемпиону, муай-тай боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери Жаныбек Бейшебек уулу
Радио
Бейшебек уулу: кыргызстандык тай боксчулардын эл аралык аренадагы орду жогору