БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2023-жылдын 9-июлуна дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койгонун Sputnik Өзбекстан жазды.
"Өзбекстандын Конституциясынын 110 жана 128-беренелерине жана Шайлоо кодексинин 66-беренесине ылайык, Өзбекстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 9-июлуна дайындалды", — деп айтылат президенттин жарлыгында.
Мирзиёев буга чейин өлкө башчыга мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялоого жол берген конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул баш мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийинки биринчи президенттик шайлоо болуп калмакчы. Анда өлкө башчынын ыйгарым укуктары 5 жылдан 7 жылга узартылган. Шавкат Мирзиёев өзү дагы шайлоого катыша алат.