Радио

Чолпонбаева: "Өлбөс полк" акциясын өткөрүүнү каалаган аймактардын саны өсүүдө

"Өлбөс полк" акциясын уюштуруучуларынын бири Нуриля Чолпонбаева аталган иш-чара саясаттан тыш экенин белгиледи.
Sputnik
Быйыл "Өлбөс полк" акциясына Баткен облусу алгачкы жолу кошулат. Бул тууралуу Нуриля Чолпонбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган акция 2013-жылы Ош шаарында башталган.
"Бишкекте 2015-жылы алгачкы жолу уюштурулуп, үч миңдей адам катышкан. 2017-жылы катышкандардын саны 50 миңге жетип, рекорд койгон. Акцияга жыл сайын жаңы аймактар кошулуп, быйыл алгачкы жолу Баткен облусунда дагы уюштурулууда. Учурда тарыхты ар кандай бурмалоо аракеттери болуп жатат. Ошондуктан аталарыбыздын эрдигин унутта калтырууга жол бербөө керек. Бул жарандык акция жана саясатка тиешеси жок. Соңку убакта аталган иш-чараны саясатка аралаштырып, уюштуруучуларды сынга алгандар болууда. Анткен менен бул ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолу жана аны саясатташтырбаш керек", — деди Чолпонбаева.
Ошондой эле ал "Өлбөс полк" акциясын өлкөнүн бардык аймагында уюштуруу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.